# 123-статья. Сертификациялоо жана лицензиялоо

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: XIV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2014 года № 147 "О внесении дополнений и изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205368)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.07.2014 [Закон КР от 26 июля 2014 года № 147 "О внесении дополнений и изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205368); 20.08.2007 [Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202188)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675943..675944>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 123-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-123

---

Аба кемелерин иштетүүгө же тейлөөгө, авиациялык персоналды даярдоого же учуулардын коопсуздугуна тиешеси бар башка кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан иштин бардык түрлөрү Кыргыз Республикасында иштин бул түрлөрүн сертификациялоону жана лицензиялоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык берилген сертификаттын жана/же лицензиянын негизинде жүргүзүлөт. Сертификат - бул жеке адамдын же юридикалык жактын, аба кемесинин же авиациялык буюм-тайымдын, жол-жоболордун, эрежелердин же практиканын ушул Кодекстин жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына дал келишин ырастоочу документ. Лицензия - бул аба кемесин же башка авиациялык буюм-тайымды иштетүүгө же тейлөөгө, учууларды тейлөөгө же камсыз кылууга, авиациялык персоналды окутууга, же учуулардын коопсуздугу же аба транспортун пайдалануучулардын укуктарын жана Кыргыз Республикасынын таламдарын коргоо максатында аба кемесинин башка иштетүүчүлөрүнө башка ар кандай кызматтарды көрсөтүүгө укук берүүчү документ. Ар кандай сертификатта же лицензияда мөөнөттөр, чектөөлөр, атайын артыкчылыктар же Авиациялык эрежелерде жана/же граждандык авиациядагы ишкерлик ишин сертификациялоону жана лицензиялоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик укук актыларында камтылган аларды пайдалануунун же колдонуунун башка өзгөчө шарттары айтылышы мүмкүн. Иштетүүчү тарабынан учууга жарактуулук жөнүндө берилген күбөлүктөрдүн, сертификаттардын жана ырастамалардын (сертификаттардын), ошондой эле радиожабдууларды пайдаланууга болгон уруксаттардын жана Эл аралык граждандык авиация жөнүндө конвенциянын 83-bis беренесине ылайык, башка мамлекет менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында чет мамлекет тарабынан тастыкталган экипаждын мүчөлөрүнүн күбөлүктөрүнүн аныктыгы таанылат. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154, 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [122-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-122)  
Кийинки берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-124)
