123-статья. Сертификациялоо жана лицензиялоо
Күчүн жоготкон · 06.08.2015 редакциясы · XIV Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 августа 2015 года № 219.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июля 2014 года № 147
Аба кемелерин иштетүүгө же тейлөөгө, авиациялык персоналды даярдоого же учуулардын коопсуздугуна тиешеси бар башка кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан иштин бардык түрлөрү Кыргыз Республикасында иштин бул түрлөрүн сертификациялоону жана лицензиялоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык берилген сертификаттын жана/же лицензиянын негизинде жүргүзүлөт. Сертификат - бул жеке адамдын же юридикалык жактын, аба кемесинин же авиациялык буюм-тайымдын, жол-жоболордун, эрежелердин же практиканын ушул Кодекстин жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына дал келишин ырастоочу документ. Лицензия - бул аба кемесин же башка авиациялык буюм-тайымды иштетүүгө же тейлөөгө, учууларды тейлөөгө же камсыз кылууга, авиациялык персоналды окутууга, же учуулардын коопсуздугу же аба транспортун пайдалануучулардын укуктарын жана Кыргыз Республикасынын таламдарын коргоо максатында аба кемесинин башка иштетүүчүлөрүнө башка ар кандай кызматтарды көрсөтүүгө укук берүүчү документ. Ар кандай сертификатта же лицензияда мөөнөттөр, чектөөлөр, атайын артыкчылыктар же Авиациялык эрежелерде жана/же граждандык авиациядагы ишкерлик ишин сертификациялоону жана лицензиялоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик укук актыларында камтылган аларды пайдалануунун же колдонуунун башка өзгөчө шарттары айтылышы мүмкүн. Иштетүүчү тарабынан учууга жарактуулук жөнүндө берилген күбөлүктөрдүн, сертификаттардын жана ырастамалардын (сертификаттардын), ошондой эле радиожабдууларды пайдаланууга болгон уруксаттардын жана Эл аралык граждандык авиация жөнүндө конвенциянын 83-bis беренесине ылайык, башка мамлекет менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында чет мамлекет тарабынан тастыкталган экипаждын мүчөлөрүнүн күбөлүктөрүнүн аныктыгы таанылат. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154, 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
123-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июля 2014 года № 147 "О внесении дополнений и изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
26.07.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…пайдалануунун же колдонуунун башка өзгөчө шарттары айтылышы мүмкүн.
кошулду: Иштетүүчү тарабынан учууга жарактуулук жөнүндө берилген күбөлүктөрдүн, сертификаттардын жана ырастамалардын (сертификаттардын), ошондой эле радиожабдууларды пайдаланууга болгон уруксаттардын жана Эл аралык граждандык авиация жөнүндө конвенциянын 83-bis беренесине ылайык, башка мамлекет менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында чет мамлекет тарабынан тастыкталган экипаждын мүчөлөрүнүн күбөлүктөрүнүн аныктыгы таанылат.
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № алынып салынды: 154 мыйзамынын редакциясына кошулду: 154, 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- АВИАЦИОННЫЕ ПРАВИЛА КР АПКР-19 "Сертификация организаций по авиатопливообеспечению гражданской авиации Кыргызской Республики" (утверждены приказом Минтранскоммуникаций КР от 30…Правила · 30.05.2008 · № 182 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/682/st-123" title="123-статья - КР (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>