# 121-статья. Аэронавигациялык, аэропорттук жана башка жыйымдарды төлөө

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: XIII Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202188)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675939..675940>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 121-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-121

---

Кыргыз Республикасынын аймагынын же Кыргыз Республикасынын абадагы кыймылды тейлөөчү органынын жоопкерчиликтүү зонасынын чегинде учууларды аткаруучу аба кемелеринин бардык иштетүүчүлөрү аэронавигациялык каражаттардан жана учууларды камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланганы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу органынын тиешелүү комитети менен макулдашылган мамлекеттик алымдарды, салыктарды жана башка аэропорттук же бөлөк жыйымдарды төлөшөт. Бул нормадан четтөөгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын чечими менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук коопсуздугун камсыз кылуунун кызыкчылыгы үчүн учууларды аткаруучу аба кемелерине карата гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жол берилет. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [120-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-120)  
Кийинки берене: [122-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-122)
