# 120-статья. Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк авиа ишканалардын иши

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: XIII Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202188)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675939..675940>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 120-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-120

---

Чет өлкөлүк авиа ишканалар Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы жана тийиштүү чет мамлекеттер катышкан зл аралык келишимдерге, ошондой эле үзгүлтүксүз жана үзгүлтүктүү учууларды жүргүзүүгө уруксат берген граждандык авиация органы атайын эрежелерине ылайык жүргүзүшөт. Чет өлкөлүк авиа ишканалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өздөрүнүн өкүлчүлүктөрүн ача алат. Чет өлкөлүк авиа ишканалар:

1. Кыргыз Республикасы жана тийиштүү чет мамлекеттер катышкан эл аралык аба катнашы жөнүндөгү келишимдерде же учуу иштерин аткаруу үчүн алынган атайын уруксаттарда каралбаган учурларда Кыргыз Республикасынын аймагында башка мамлекеттин аймагына ташуу үчүн жүргүнчүлөрдү, багаждарды, жүктөрдү жана почталарды алууга же аларды башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө;

2. Граждандык авиация органыдарынан өзгөчө уруксатсыз Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын аймагынын экинчи бир пунктуна ташып жеткирүү үчүн аба кемесинин бортуна жүргүнчүлөрдү, багаждарды, жүктөрдү жана почталарды алууга укуксуз.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [119-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-119)  
Кийинки берене: [121-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-121)
