120-статья. Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк авиа ишканалардын иши
Күчүн жоготкон · 06.08.2015 редакциясы · XIII Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 августа 2015 года № 219.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 августа 2007 года № 154
Чет өлкөлүк авиа ишканалар Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы жана тийиштүү чет мамлекеттер катышкан зл аралык келишимдерге, ошондой эле үзгүлтүксүз жана үзгүлтүктүү учууларды жүргүзүүгө уруксат берген граждандык авиация органы атайын эрежелерине ылайык жүргүзүшөт. Чет өлкөлүк авиа ишканалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өздөрүнүн өкүлчүлүктөрүн ача алат. Чет өлкөлүк авиа ишканалар:
1. Кыргыз Республикасы жана тийиштүү чет мамлекеттер катышкан эл аралык аба катнашы жөнүндөгү келишимдерде же учуу иштерин аткаруу үчүн алынган атайын уруксаттарда каралбаган учурларда Кыргыз Республикасынын аймагында башка мамлекеттин аймагына ташуу үчүн жүргүнчүлөрдү, багаждарды, жүктөрдү жана почталарды алууга же аларды башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө;
2. Граждандык авиация органыдарынан өзгөчө уруксатсыз Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын аймагынын экинчи бир пунктуна ташып жеткирүү үчүн аба кемесинин бортуна жүргүнчүлөрдү, багаждарды, жүктөрдү жана почталарды алууга укуксуз.
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
120-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
20.08.2007 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана үзгүлтүктүү учууларды жүргүзүүгө уруксат берген граждандык алынып салынды: авиациянын мамлекеттик башкаруу органынын кошулду: авиация органы атайын эрежелерине ылайык жүргүзүшөт.
Чет өлкөлүк авиа ишканалар … Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө;
2. Граждандык алынып салынды: авиациянын мамлекеттик башкаруу органдарынан кошулду: авиация органыдарынан өзгөчө уруксатсыз Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз … жүргүнчүлөрдү, багаждарды, жүктөрдү жана почталарды алууга укуксуз.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/682/st-120" title="120-статья - КР (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>