# 11-статья. Көзөмөлдөө боюнча органдын функциялары жана милдеттери

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202188)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675939..675940>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 11-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-11

---

Көзөмөлдөө боюнча органдын функциялары жана милдеттери төмөндөгүлөрдү камтыйт: (а) Кыргыз Республикасындагы аба кемелеринин учуусундагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мыйзамдардын аткарылышына такай көзөмөлдү жүзөгө ашырууну; (б) Кыргыз Республикасынын аймагындагы авиациялык кырсыктарды жана окуяларды териштирүүнү; (в) Кыргыз Республикасында катталган аба кемелеринде башка мамлекеттердин аймагында болгон авиациялык кырсыктарды жана окуяларды териштирүүгө катышууну; (г) Кыргыз Республикасындагы аба транспортунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгууну; (д) Кыргыз Республикасындагы аба транспортунда коопсуздукту көзөмөлдөө максатында көзөмөлдөө боюнча органга жүктөлүшү мүмкүн болгон башка функцияларды жана милдеттерди аткарууну. Көзөмөлдөө боюнча органдын инспектору Кыргыз Республикасынын аэродромдорунун аймактарына жана аэропортторунун тийиштүү жайларына тоскоолдуксуз кирүү жана ар кандай граждандык аба кемесинин, ушул кеменин документтеринин жана экипаж мүчөлөрүнүн кызматтык документтеринин ушул Кодекстин жана эларалык граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын талаптарына ылайык келишин текшерүү үчүн атайын күбөлүк менен камсыз кылынат. Көзөмөлдөө боюнча органдын инспекторунун ыйгарым укуктары белгилүү болгон кемчиликтер же эреже бузуулар жөнүндө Граждандык авиация субъектинин жетекчисине билдирүү жана Граждандык авиация органынын жетекчисине сертификат, лицензия же кандайдыр бир уруксатты берүүдөн баш тартуу, иштетүүчүнүн сертификатында, лицензияларда же уруксаттарында айтылган, ошол иштетүүчүнүн же жактын аткаруусу учуулардын коопсуздугунун кызыкчылыгына карама-каршы келүү же ушул Кодекстин кайсы бир жоболоруна туура келбегендей каралуучу шарттарга жана чектөөлөргө тыюу салуу, жокко чыгаруу, убактылуу токтотуу, кайра алып коюу, жоюу же өзгөртүү боюнча жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү көзөмөлдөө боюнча органдын жетекчисине берүү менен чектелет. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-12)
