# 108-статья. Авиация кокустугун териштирүү боюнча комиссияга жардамдашуу

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: XII Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 108-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-108

---

Кокустук болуп өткөн аймактагы жергиликтүү бийлик органдары, ишканалар, уюмдар, анын ичинде аскер бөлүктөрү кокустук болгон жерди коргоо, аба кемесинин конструкциялык элементтерин издөө боюнча чараларды көрүүгө, авиациялык кокустукту териштирүү боюнча комиссияны транспорт, байланыш каражаттары, иштөө жана эс алуу үчүн бөлмөлөр, атайын шаймандар жана кийимдер жагынан камсыз кылууга, такелаждуу жүк иштерин, сыныктарды ташып кетүү, окуя болгон жерди санитардык иштөөдөн өткөрүү, окуя болгон жерде иштөөнүн коопсуз шарттарын түзүү, айлана-чөйрөнү коргоо иш чараларын уюштуруу жана аткаруу боюнча комиссияга көмөктөшүүгө милдеттүү. Авиация кокустуктарын териштирүү боюнча комиссияга жардам көрсөтүү учурунда бийлик органдары, ишканалар, уюмдар жана граждандар кириптер болгон чыгымдардын орду Кыргыз Республикасынын граждандык жана кылмыш сот иштеринин эрежелери боюнча толтурулат.

---

Мурунку берене: [107-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-107)  
Кийинки берене: [108-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-108-1)
