# 107-статья. Мүлк далилдеринин сакталышы

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: XII Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 107-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-107

---

Аба кемеси, анын составдуу бөлүктөрү жана сыныктары, объективдүү контролдун борттогу жана жердеги каражаттары, аба кемесинин бортундагы бардык предметтер, ошондой эле авиациялык кокустукка тиешеси бар жердеги предметтер, аба кемесинин өндүрүшүнө, ремонтуна экплуатациясына жана анын учушуна тийиштүү документтердин бардыгы мүлк далилдери деп таанылат жана алар кокустукту териштирүү боюнча комиссия келгенге чейин жергиликтүү бийлик органдары, ишканалар, уюмдар жана граждандар тарабынан толук кол тийгизилбеген абалда сакталууга тийиш. Мүлк далилдерин кароо, аларды упаковкалоо жана кокустук болгон жерден алып кетүү иши кылмыш-процессуалдык мыйзамдардын нормалары боюнча жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [106-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-106-1)  
Кийинки берене: [108-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-108)
