105-статья. Авиациялык кокустуктарды териштирүү
Күчүн жоготкон · 06.08.2015 редакциясы · XII Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 августа 2015 года № 219.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 августа 2007 года № 154
Кыргыз Республикасынын аймагында болгон ар бир кокустук жана инцидент авиациялык кокустуктарды жана инциденттерди териштирүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык териштирилүүгө тийиш. Мамлекеттик аба кемесине байланыштуу авиациялык кокустуктарды жана инциденттерди ошол мамлекеттик аба кеме карамагында турган органдар же ведомстволор териштиришет. Эгерде мамлекеттик ошол аба кеме карамагында турган органдар же ведомстволор мамлекеттик ошол аба кемесине байланышкан авиациялык кокустукту жана инцидентти териштирүүнүн тууралыгын камсыз кылуу максатында башканы талап кылышпаса, мамлекеттик аба кемелерине байланыштуу авиациялык кокустуктарды жана инциденттерди териштирүү боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ушул Кодекс менен аныкталган ушул мамлекеттик аба кемелери менен байланышкан аба кокустуктары менен инциденттердин шайкеш келтирилишин камсыз кылуу максатындагы гана функциялар менен ыйгарым укуктар кирет. Авиациялык кокустукту же инцидентти териштирүүнүн жападан-жалгыз максаты келечекте авиациялык кокустуктарды жана инциденттерди болтурбоо болуп саналат. Бул иштин максаты кимдир-бирөөнүн күнөөсүнүн же жоопкерчилигинин үлүшүн аныктоо болуп эсептелбейт. Авиациялык кокустуктарды жана инциденттерди териштирген адамдар мындай териштирүү жүргүзүлүп жаткан аба кемесинин бортуна тоскоолдуксуз кирүү укугуна ээ болушат. Авиациялык кокустук же инцидент болгон аба кемесинин ээлери, иштеп чыккан, жасаган же аба кемесине кандайдыр бир тиешеси бар уюмдар ал авиациялык кокустукту же инцидентти териштирүүчү органдын суроо-талабы боюнча колунан келген жардамын көрсөтүшөт жана колдо болгон бардык маалыматтарды беришет. Авиациялык кокустуктарды же инциденттерди териштирүүгө териштирүүнүн кызыкчылыгы же териштирүүчү орган өзүнүн функцияларын тийиштүү түрдө аткарышы үчүн кызматы зарыл болуучу ар кандай адистер же уюмдар тартылышы мүмкүн. Бул адистердин же уюмдардын корутундулары же отчеттору авиациялык кокустуктарды же инцидентти текшерүү боюнча орган тарабынан бекитилет. Башка мамлекеттин аба кемеси Кыргыз Республикасынын аймагында авиациялык кокустукка же олуттуу инцидентке учураса Кыргыз Республикасы Эларалык граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын 26-статьясына ылайык: (а) Граждандык авиациянын эларалык уюмунун жол-жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын канчалык жол беришине жараша ал кокустукка же инцидентке териштирүү дайындайт; (б) ошол аба кемеси катталган мамлекетке териштирүүгө катышуу үчүн байкоочуларды дайындоого мүмкүндүк берет жана ал мамлекетке бул териштирүү тууралуу отчет жана корутунду жиберет. Кыргыз Республикасында катталган аба кемеси башка мамлекеттин аймагында авиациялык кокустукка же инцидентке учураганда Кыргыз Республикасы Эларалык граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын 26-статьясына ылайык андай авиациялык кокустукту же инцидентти териштирүүгө катышуу үчүн жана ал териштирүү жөнүндө отчет жана корутунду алууга жетишет. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
105-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/682/st-105" title="105-статья - КР (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>