# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-апрелиндеги № 177 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-апрелиндеги № 177 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 177
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6743>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-860/edition/541943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6743.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-апрелиндеги № 177 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (18.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6743

---

2001-жылдын 17-апрели № 177

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 476 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 "Жаштар үчүн

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтому менен бекитилген Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштерди жана материалдарды көрсөтүүнүн, кабыл алуунун жана кароонун тартиби жөнүндө Жо- бого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Жалпы жоболор" деген 1-бөлүмдө:

1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын: "- спорт тармагындагы мыкты жетишкендиктери үчүн."; 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар үчүн 10 сыйлыгы ыйгарылат.";

- "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын изденип алууга чыгарма-

ларды, иштерди жана материалдарды көрсөтүүнүн тартиби" деген III бөлүмдө: 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: "- конкурсанттарды спорт тармагындагы жетишкендиктери үчүн көрсөтүүдө – спорттук жетишкендиктери жөнүндө маалыматтар, дипломдорунун копиялары, алган байгелеринин күбөлүктөрү, конкурсанттын ишкердигинин натыйжалары жөнүндө пикирлер".

2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 476 токтомуна

ылайык күчүн жоготту)

Премьер-министр К.Бакиев
