# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-апрелиндеги N 171 "Тарбиялоочу колониядагы Камкордук кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-апрелиндеги N 171 "Тарбиялоочу колониядагы Камкордук кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 171
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6737>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-855/edition/290778/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6737.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-апрелиндеги N 171 "Тарбиялоочу колониядагы Камкордук кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Токтому (29.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6737

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы N 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2001-жылдын 16-апрели N 171

Тарбиялоочу колониядагы Камкордук кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 113-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тарбиялоочу колониядагы Камкордук кеңеши жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аталган Жобого ылайык тарбиялоочу колонияларда Камкордук кеңештерин түзсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына ташпырылсын.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

К.Бакиев
