# Закон КР от 19 декабря 1996 года №63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 19.12.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/670>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-635/edition/1174956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/670.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 19 декабря 1996 года №63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики" (05.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/670

---

КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 1996-жылдын 19-декабры N 63

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/670/st-1)

1994-жылдын 11-январындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, N 3, 78-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 8-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"8-статья. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тутуму Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги "УКМ) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин областтык башкармалары (бөлүмдөрү) (УКМБ, УКМБ) жана аларга баш ийүүчү райондук бөлүмдөр (бөлүмчөлөр) (УКМанын ШБ, РБ), ошондой эле аскердик контр чалгындоо органдары Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын бирдиктүү тутумун түзөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин түзүлүшү жана анын ишин уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги жөнүндө Жобо тарабынан аныкталат".

2. 12-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"12-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги нин ишин уюштуруу Улуттук коопсуздук министрлигине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен кеңешүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу министр жетекчилик кылат. Улуттук коопсуздук министри УКМга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликте болот. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинде Коллегия түзүлөт".

3. Мыйзамдын 9, 10, 11, 17, 23-статьяларындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети" жана "УКК" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги" жана "УКМ" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/670/st-2)

Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

1996-жылдын 10-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
