# 9-статья. Чарбалык шериктиктин жана коомдун ишин токтотуу

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.05.2015 [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158); 07.07.2014 [Закон КР от 7 июля 2014 года № 113 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/205334); 12.10.2009 [Закон КР от 12 октября 2009 года № 265 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах""](https://aqlex.ai/kg/doc/203208); 24.12.2003 [Закон КР от 24 декабря 2003 года №238 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах "](https://aqlex.ai/kg/doc/1369)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/667#diff=1231401..1231402>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 9-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-9

---

Чарбалык шериктиктин жана коомдун иши:

1) чарбалык шериктик жана коом түзүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин;

2) түзүлгөн кездеги максатына жеткенден кийин;

3) катышуучулардын ортосундагы макулдашуу боюнча;

4) чарбалык шериктик же коом белгиленген тартипте банкрот деп табылган учурда;

5) ушул мыйзамда, башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же чарбалык шериктиктин жана коомдун уюштуруу документтеринде каралган башка учурларда токтотулат.

2. Чарбалык шериктиктин жана коомдун ишин токтотуу кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүнүү, кайра уюштуруу) же жоюу аркылуу жүргүзүлөт.

Чарбалык шериктик жана коом кайра уюштурулган учурда шериктиктин же коомдун уюштуруу документтерине жана юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет, ал эми ал жоюлган учурда - юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу жазылат.

3. Чарбалык шериктиктер жана коомдор ушул мыйзамдын жоболорун сактоо менен катышуучулардын жалпы чогулушунун чечими боюнча бир түрдөн экинчи түргө жана башка коомго кайра уюштурулушу мүмкүн.

4. Толук же коммандиттик шериктик, жоопкерчилиги чектелген же кошумча жоопкерчилиги бар коомго кайрадан уюштурулган учурда, жоопкерчилиги чектелген же кошумча жоопкерчилиги бар коомдун уюштуруучусу болуп калган ар бир толук шерик эки жыл бою, жоопкерчилиги чектелген же кошумча жоопкерчилиги бар коомго толук же коммандиттик шериктиктен өткөн милдеттенмелер боюнча өзүнүн бүткүл мүлкү менен субсидиардык жоопкерчилик тартат. Мурдагы толук шерик тарабынан өзүнө таандык болгон акциялардан (үлүштөрдөн) баш тартылганда, бул аны мындай жоопкерчиликтен бошотпойт.

5. Чарбалык шериктикти жана коомду жоюу анын уюштуруучулары тарабынан дайындалган жоюу комиссиясы тарабынан, ал эми соттун чечими боюнча банкрот болгон учурда сот тарабынан дайындалган жоюу комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.

(Экинчи абзац КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 113 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Жоюу комиссиясы (жоюучу) дайындалган учурдан тартып ал чарбалык шериктиктин жана коомдун мүлкүн тескөө боюнча ишин контролдоо ыйгарым укугуна ээ болот. Атап айтканда, чарбалык шериктик жана коомдук органдардын аны мүлк ээлигинен ажыратууга же карыздарын тындырууга багытталган бардык актылары жоюу комиссиясынын (жоюучунун) макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

Кредит берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, банкроттук жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.

7. Шериктиктин жана коомдун жумушчуларынын эмгек акысын төлөп берүү боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган компенсациялык төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдөн жана бюджеттин жана кредит берүүчүлөрдүн алдындагы милдеттенмелерди аткаруудан кийин чарбалык шериктикте жана коомдо калган мүлк шериктиктин жана коомдун катышуучуларынын уставдык капиталга кошкон салымдарына жараша же уюштуруу документтеринде каралган башка тартипте бөлүштүрүлөт.

8. (КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 265 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9. Каттоочу орган тиешелүү буйрук кабыл алган учурдан тартып жоюу аяктады, ал эми чарбалык шериктештик же коом - өзүнүн ишин токтотту деп эсептелет.

(КР 2003-жылдын 24-декабрындагы № 238, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 265, 2014-жылдын 7-июлундагы № 113, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) II БӨЛҮК ЧАРБАЛЫК ШЕРИКТИКТЕРДИН ЖАНА КООМДОРДУН АЙРЫМ ТҮРЛӨРҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

---

Мурунку берене: [81-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-81)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-10)
