# 8-статья. Чарбалык шериктикти жана коомду башкаруу

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 07.07.2014 [Закон КР от 7 июля 2014 года № 113 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/205334); 24.12.2003 [Закон КР от 24 декабря 2003 года №238 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах "](https://aqlex.ai/kg/doc/1369); 17.02.2003 [Закон КР от 17 февраля 2003 года № 38 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1162); 02.12.1998 [Закон КР от 2 декабря 1998 года №148 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/155)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/667#diff=34504..34512>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 8-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-8

---

1. Чарбалык шериктиктин жана коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушу (өкүлдөрүнүн чогулушу) анын жогорку органы болуп эсептелет. Толук жана коммандиттик шериктиктин ишин башкаруу толук шериктердин жалпы макулдугу боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Чарбалык шериктикте жана коомдо анын ишине күндөлүк жетекчиликти жүзөгө ашыруучу жана анын катышуучуларынын жалпы чогулушуна отчет берүүчү аткаруучу орган (коллегиалдуу же жеке) түзүлөт.

3. Төмөндөгүлөр:

1) башкарма (дирекция);

2) байкоо жүргүзүү органы;

3) чарбалык шериктикке жана коомго катышуучулардын жалпы чогулушунун (өкүлдөрүнүн чогулушунун) чечими боюнча башка органдар түзүлүшү мүмкүн.

4. Аткаруучу органдын ишине контролдук жүргүзүү үчүн катышуучулардын жалпы чогулушу ички аудит кызматын түзүүгө (ички аудитти дайындоого) укуктуу.

5. Чарбалык шериктиктин жана коомдун башкаруу органдарынын компетенциясы, аларды шайлоонун (дайындоонун) тартиби, ошондой эле алар тарабынан чечимдерди кабыл алуунун тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана уюштуруу документтери тарабынан аныкталат.

6. Акционерлерге (катышуучуларга), акционердик коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө, коомдун акцияларына ээлик кылган үлүшүнүн өлчөмүнө карабастан, чарбалык шериктиктин жана коомдун, анын аткаруу органынын иштерине тике нускоолорду, буйруктарды болбосо өтүнүч же сунуш түрүндөгү башка көрсөтмөлөрдү берүү жолу менен кийлигишүүгө тыюу салынат, буга:

1) жалпы чогулуштарга добуш берүү укугу менен акционерлердин (катышуучулардын) катышуусу;

2) мыйзам талаптарына ылайык шериктиктин жана коомдун уюштуруу документтеринде уруксат берилген чечимдерди кабыл алуу же иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу менен кийлигишкен учурлар кирбейт.

(КР 1998-жылдын 2-декабрындагы № 148, 2003-жылдын 17-февралындагы № 38, 2003-жылдын 24-декабрындагы № 238, 2014-жылдын 7-июлундагы № 113, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-7)  
Кийинки берене: [81-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-81)
