# 49-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомго жаңы катышуучуларды ка был алуу

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 49-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-49

---

1. Эгерде коомдун уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, жоопкерчилиги чектелген коомдун жаңы катышуучуларын кабыл алуу коомдун бардык катышуучуларынын макулдугу менен гана мүмкүн болот.

2. Жаңы катышуучуларды кабыл алуу учурунда жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтерине:

1) уставдык капиталдын жана коомдун катышуучуларынын үлүштөрүнүн жаңы өлчөмүнө;

2) жаңы катышуучулар тарабынан өз салымдарын коомдун уставдык капиталына кошуунун өлчөмүнө, тартибине, мөөнөттөрүнө жана ыкмасына;

3) жаңы катышуучуну кабыл алуу үчүн зарыл болгон башка шарттарга тиешелүү болгон өзгөртүүлөр киргизилет.

---

Мурунку берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-48)  
Кийинки берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-50)
