# 47-статья. Гражданды-жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусун дайынсыз жоголгон, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуунун натыйжалары

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 47-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-47

---

1. Эгерде коомдун уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, граждан - жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу дайынсыз жоголгон же аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда анын көзөмөлчүсү коомдун ишине бул катышуучунун мыйзамдуу өкүлү катарында катыша алат.

2. Эгерде коомдун уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, граждан - коомдун катышуучусу аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган учурда, ал камкорчунун макулдугу менен коомдун ишине катыша алат.

---

Мурунку берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-46)  
Кийинки берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-48)
