# 46-статья. Катышуучунун жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү үлүшүнөн өндүрүп алуу

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 46-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-46

---

1. Катышуучунун жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү үлүшүнөн анын жеке карыздары боюнча өндүрүп алууга бул катышуучунун өз карыздарын жабуу үчүн башка мүлкү жетишсиз болгон учурда гана жол берилет. Мындай катышуучунун кредит берүүчүлөрү жоопкерчилиги чектелген коомдон карыздардын уставдык капиталдагы үлүшүнө жараша коомдун мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркын төлөп берүүнү, же андан өндүрүп алуу максатында мүлктүн ушул бөлүгүн бөлүп берүүнү талап кылууга укуктуу. Коомдун мүлкүнүн бөлүнүп берилүүгө тийиш болгон бөлүгү же анын наркы кредит берүүчүлөр тарабынан талап коюлган учурга карата түзүлгөн баланс боюнча аныкталат.

2. Эгерде катышуучу жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталына өз салымын жарым-жартылай кошсо, эгерде коомдун уставында башкача белгиленбесе, анда кредит берүүчүлөр ушул салымдын суммасын бөлүп берүүнү талап кылууга укуктуу.

3. катышуучунун жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү бүткүл үлүшүнөн өндүрүлүп алынганда ал коомго катышуусун токтотот.

---

Мурунку берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-45)  
Кийинки берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-47)
