44-статья. Катышуучунун жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү үлүшүнүн башкага өтүшү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · III бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 декабря 2003 года №238
44-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 44-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу коомдун мүлкүндөгү, коомдун уставдык капиталындагы өзүнүн үлүшүнө ылайык келген үлүшүн аталган коомдун бир же бир нече катышуучусуна сатууга же башка жол менен берүүгө укуктуу.
Эгерде коомдун уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу уставдык капиталга өзүнүн салымын толук төккөнгө чейин анын үлүшүнүн салым төлөнгөн бөлүгү гана ээликтен ажыратылышы мүмкүн.
2. Уюштуруучуларга жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү өзүнүн үлүшүн (анын бир бөлүгүн) үчүнчү жакка ээликтен ажыратууга жол берилет.
Эгерде коомдун уставында, анын катышуучуларынын макулдашуусунда бул укукту жүзөгө ашыруунун башкача тартиби белгиленбесе, жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары коомдун мүлкүндөгү өзүнүн үлүштөрүнүн өлчөмүнө жараша катышуучунун үлүшүн (анын бир бөлүгүн) сатып алууда артыкчылык укугунан пайдаланышат. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары кабарлангандан кийин бир айдын ичинде, же коомдун уставында же анын катышуучуларынын макулдашуусунда каралган башка мөөнөттө өздөрүнүн артыкчылык укуктарынан пайдаланышпаса, катышуучу өзүнүн үлүшүн каалаган үчүнчү жакка берүүгө укуктуу.
3. Эгерде уставга ылайык катышуучунун жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү үлүшүн (анын бир бөлүгүн) үчүнчү жакка ээликтен ажыратууга жол берилбесе, ал эми коомдун калган мүчөлөрү аны сатып алуудан баш тартса, коом катышуучуга анын чыныгы наркын төлөп берүүгө же мындай наркка барабар келген накталай мүлк берүүгө милдетүү.
4. Уюштуруучунун үлүшүн (анын бир бөлүгүн) жоопкерчилиги чектелген коомдун өзү сатып алган учурда, ал аны башка катышуучуларга үчүнчү жактарга коомдун уюштуруу документтеринде каралган мөөнөттөрдө жана тартипте сатууга, же ушул Мыйзамдын 38-статьясынын 4-пунктуна ылайык өзүнүн уставдык капиталын азайтууга милдеттүү. Бул мезгилдин ичинде пайданы бөлүштүрүү, ошондой эле жогорку органда добуш берүү коом сатып алган үлүштү эсепке албастан жүргүзүлөт.
5. Жоопкерчилиги чектелген коомдо катышкан граждан өлгөн же өлдү деп жарыяланган же коомдун катышуучусу - юридикалык жак ишин токтоткон (жоюлган же кайра уюштурулган) учурда анын коомдун мүлкүндөгү үлүшү анын укуктук жолун жолдоочуларга (мурасчыларга) өтөт.
Эгерде жоопкерчилиги чектелген өлгөн же өлдү деп жарыяланган граждан-коомдун катышуучусу же өзүнүн ишин токтоткон юридикалык жак - коомдун катышуучусу коомдун уставдык капиталына өз салымдарын толугу менен кошпосо, эгерде коомдун уставында башкача белгиленбесе, анда алардын укуктук жолун жолдоочусуна (мурасчысына) салымдын кошулган бөлүгүнүн суммасы гана төлөнөт. (КР 2003-жылдын 24-декабрындагы № 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/667/st-44" title="44-статья - Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>