# 43-статья. Катышуучунун жоопкерчилиги чектелген коомдон чыгышы

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 43-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-43

---

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары каалаган мезгилде башка катышуучулардын макул же макул эместигине карабастан коомдон чыгууга укуктуу. Коомго катышуудан баш тартуу катышуучу тарабынан коомдон иш жүзүндө чыгууга чейин алты ай калгандан кечиктирилбестен билдирилүүгө тийиш.

Жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтеринде катышуучу тарабынан коомдон чыгуу жөнүндө арыз берүүнүн башка мөөнөтү каралышы мүмкүн.

2. Жоопкерчилиги чектелген коомдон чыккан катышуучуга ушул Мыйзамдын 16-статьясында каралган тартипте, ыкмада жана мөөнөттөрдө коомдун мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркы төлөнүп берилет.

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-42)  
Кийинки берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-44)
