# 41-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун аткаруучу органынын ишине контролдук жүргүзүү

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 20.07.2015 [Закон КР от 20 июля 2015 года № 180 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111224); 07.07.2014 [Закон КР от 7 июля 2014 года № 113 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/205334)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/667#diff=34504..34512>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 41-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-41

---

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушу коомдун аткаруучу органынын ишине контролдук жүргүзүү максатында ички аудит кызматын түзүүгө (ички аудиторду дайындоого) түзүүгө укуктуу.

2. Жоопкерчилиги чектелген коомдун ички аудит кызматынын курамына коомдун катышуучулары, мыйзам актыларына ылайык аудиттик иш жүргүзүүгө укугу бар адамдар, финансы жана бухгалтердик эсеп жагындагы көз карандысыз эксперттер жана башка адамдар кириши мүмкүн.

Коомдун аткаруучу органынын, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү ички аудит кызматынын (ички аудитордун) мүчөсү боло алышпайт.

3. Ички аудит кызматы (ички аудитор) жоопкерчилиги чектелген коомдун аткаруучу органынын финансы-чарбалык ишин текшерүү учурунда аткаруучу органдын мүчөлөрүнөн бардык зарыл материалдарды, бухгалтердик жана башка документтерди берүүнү жана жеке түшүндүрмөлөрдү талап кылууга укуктуу. Текшерүү комиссиясы өзү жүргүзгөн текшерүүнүн натыйжаларын жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушуна жиберет.

4. Жоопкерчилиги чектелген коомдун аткаруучу органынын финансы-чарбалык ишин текшерүү катышуучулардын жалпы чогулушу тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда же жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечими менен ички аудит кызматы (ички аудитор) коомдун жылдык балансы жана башка отчеттору боюнча корутунду чыгарат. Мындай учурда катышуучулардын жалпы чогулушу ички аудит кызматынын (ички аудитордун) корутундусу болмоюнча коомдун жылдык балансын жана башка отчетторун бекитүүгө жана анын пайдасы менен зыяндарын бөлүштүрүүнү жүргүзүүгө укуксуз.

6. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары коомдун аткаруучу органынын ишине контролдук жүргүзүүнүн ушул статьяга салыштырганда башкача тартибин кароого укуктуу.

7. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларындакаралган учурларда коомдун ишин көз карандысыз аудиттик текшерүүнү уюштурууга милдеттүү.

8. Коомдун кандай гана болбосун катышуучусунун талабы боюнча жоопкерчилиги чектелген коомдун ишине аудиттик текшерүү жүргүзүлүүгө тийиш. Эгерде коомдун уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, аудиттик текшерүүнү өткөрүү боюнча чыгымдарды төлөө аудиттик текшерүү өткөрүүнү талап кылган катышуучунун жана коомдун эсебинен бирдей үлүштөрдө жүзөгө ашырылат.

9. Мыйзам актыларында же коомдун уюштуруу документтеринде каралгандан башка учурларда, жоопкерчилиги чектелген коомдун калк алдында отчет бериши талап кылынбайт.

(КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 113, 2015-жылдын 20-июлундагы № 180, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-40-3)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-42)
