# 40-3-статья. Коомдун Директорлор кеңешинин төрагасы

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-40-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 40-3-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-40-3

---

1. Коомдун Директорлор кеңешинин төрагасы коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан алардын ичинен Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.

Коомдун Директорлор кеңеши каалаган учурда Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен өзүнүн төрагасын кайрадан шайлоого укуктуу.

2. Коомдун Директорлор кеңешинин төрагасы анын ишин уюштурат, коомдун Директорлор кеңешинин жыйналыштарын чакырат жана аларга төрагалык кылат, жыйналыштарда протокол жүргүзүүнү уюштурат.

3. Директорлор кеңешинин төрагасы жок учурда, анын иш милдеттерин коомдун Директорлор кеңеши тарабынан андай ыйгарым укук берилген Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн бири аткарат.

(КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-40-2)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-41)
