40-2-статья. Коомдун Директорлор кеңешин шайлоо
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · III бөлүм
1. Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү анын катышуучуларынын жалпы чогулушунда ушул Мыйзамда жана коомдун уставында каралган тартипте, катышуучулардын жалпы чогулушунда аныкталган мөөнөткө шайланышат.
Эгерде Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап, ал эми Директорлор кеңешинин жаңы курамы шайлана элек болсо, анда Директорлор кеңеши өз милдеттерин Директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин аткарат. Коомдун Директорлор кеңешинин курамына шайланган адамдар чексиз көп жолу кайрадан шайланышы мүмкүн. Коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечими боюнча коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Директорлор кеңешинин кайра чакырып алынган (чыгып кеткен) мүчөсүнүн ордуна Директорлор кеңешинин курамына кирген мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Директорлор кеңешинин бүткүл курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда токтотулат. Директорлор кеңешинин курамындагы ар кандай өзгөрүүлөр, эгерде Директорлор кеңешинин курамынын калган саны анын курамынын жарымынан азыраак болсо, Директорлор кеңешинин бүткүл курамын шайлоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөсү коомдун катышуучусу болуп саналбашы мүмкүн; коомдун Директорлор кеңешинин курамына шайлануучу адамдарга коюлуучу талаптар коомдун уставы же анын катышуучуларынын жалпы чогулушу бекиткен ички документ менен белгилениши мүмкүн.
3. Коомдун Директорлор кеңешинин сандык курамы так санда болууга, коомдун уставы же катышуучулардын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталууга тийиш жана мүчөлөрү 3төн аз жана 7ден көп болбойт.
(КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/667/st-40-2" title="40-2-статья - Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>