# 40-1-статья. Директорлор кеңешинин компетенциясы

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-40-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 40-1-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-40-1

---

1. Коомдун Директорлор кеңешинин компетенциясы ушул Мыйзамга ылайык коомдун уставы менен аныкталат. Коомдун Директорлор кеңешинин компетенциясына төмөнкүдөй маселелер кириши мүмкүн:

1) коомдун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын аныктоо;

2) коомдун аткаруучу органын түзүү жана кайра чакырып алуу (буга коом уюштурулган жана жоюлган учурлар кирбейт);

3) коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткаруучу орган тарабынан аткарылышын контролдоо;

4) коомдун жеке аткаруучу органына, коомдун коллегиалдуу аткаруучу органынын мүчөлөрүнө, башкаруучуга сыйакынын жана акчалай компенсациялардын өлчөмүн белгилөө;

5) коммерциялык уюмдардын ассоциацияларына жана башка бирикмелерине коомдун катышуусу тууралуу чечимдерди кабыл алуу;

6) коомдун филиалдарын түзүү жана өкүлчүлүктөрүн ачуу;

7) коомдун жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын алдын ала жактыруу жана анын пайдаларын жана зыяндарын бөлүштүрүү;

8) коомдун уставында каралган башка маселелер.

Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөсү добуш берүү укугун өткөрүп беришине, анын ичинде коомдун Директорлор кеңешинин башка мүчөлөрүнө өткөрүп беришине жол берилбейт. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-40)  
Кийинки берене: [40-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-40-2)
