Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
40-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомду башкаруу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · III бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун жогорку органы болуп анын катышуучуларынын жалпы чогулушу эсептелет.
2. Катышуучулардын жалпы чогулушунун чечими боюнча жоопкерчилиги чектелген коомдо Директорлор кеңеши түзүлүшү мүмкүн. Директорлор кеңешин түзүү жана ишмердүүлүгүнүн тартиби, анын компетенциясы, ошондой эле Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу тартиби, анын ичинде коомдун Директорлор кеңешинин төрагасынын компетенциясы ушул Мыйзам жана коомдун уставы тарабынан аныкталат.
3. Жеке жак гана Директорлор кеңешинин мүчөсү боло алат. Директорлор кеңешинде добуш берүүдө Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү бир добушка ээ.
Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөсү бир эле убакта коомдун аткаруучу органынын (коллегиалдуу же жеке) мүчөсү, ошондой эле коомдун ички аудит кызматынын мүчөсү (ички аудитор) боло албайт.
4. Катышуучулардын жалпы чогулушунун чечими боюнча коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө алар өз милдеттерин аткарган мезгилде сыйакылар төлөнүшү жана (же) алардын өз милдеттерин аткарууга байланышкан чыгымдары компенсацияланышы мүмкүн. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмдөрү коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечими менен белгиленет.
5. Коомду башкаруу органдарынын компетенциясы, ошондой эле алар тарабынан чечимдерди кабыл алуунун жана коомдун атынан иш алып баруунун тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана коомдун уюштуруу документтери менен аныкталат.
6. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) коомдун уставын өзгөртүү, анын ичинде анын уставдык капиталынын көлөмүн өзгөртүү;
2) коомдун аткаруучу органын түзүү жана кайра чакырып алуу (коомдо Директорлор кеңеши жок болсо), ошондой эле коом уюштурулган жана жоюлган учурда коомдун аткаруучу органын түзүү жана кайра чакырып алуу;
3) коомдун жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын бекитүү жана анын пайдалары менен зыяндарын бөлүштүрүү;
4) коомду өзгөртүп уюштуруу же жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
5) коомдун ички аудит кызматын (ички аудиторду) шайлоо;
6) коомдун Директорлор кеңешин түзүү жана кайра чакырып алуу.
Коомдун уставында жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясына башка маселелерди чечүү киргизилиши мүмкүн. Коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун өзгөчө компетенциясына кирген маселелер алар тарабынан коомдун аткаруучу органынын же Директорлор кеңешинин чечүүсүнө берилиши мүмкүн эмес.
7. Коомдун уставында Директорлор кеңеши бар коомдордо катышуучулардын жалпы чогулушу ушул статьянын 6-пунктунун 3-пунктчасында аталган көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечимди Директорлор кеңеши коомдун жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын алдын ала жактыргандан кийин жана Директорлор кеңешинин коомдун пайдаларын жана зыяндарын бөлүштүрүү жагынан сунуштамалары болгон учурда кабыл ала тургандыгы каралышы мүмкүн.
8. Эгерде уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, жоопкерчилиги чектелген коомдун ар бир катышуучусу жалпы чогулушта коомдун уставдык капиталындагы өзүнүн үлүшүнө пропорциялуу сандагы добуштарга ээ болот.
9. Коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунда чечим добуштардын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүгү менен, ал эми ушул статьянын 6-пунктунун 1-пунктчасында каралган маселе боюнча добуштардын жалпы санынын үчтөн экиси менен кабыл алынат. Ушул статьянын 6-пунктунун 4-пунктчасында каралган маселе боюнча чечим бардык катышуучулардын бир добуштан чечими менен кабыл алынат.
Жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтеринде катышуучулардын жалпы чогулуштарында чечимдерди кабыл алуунун ушул статьяга салыштырмалуу башкача тартиби каралышы мүмкүн.
10. Эгерде коомдун уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары жалпы чогулушта өздөрүнүн ыйгарым укуктарын коомдун башка катышуучусуна өткөрүп берүүгө укуктуу.
11. Жалпы чогулушка жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусунун атынан айрым мөөнөткө дайындалган анын өкүлү катыша алат.
12. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу ушул статьянын 10- жана 11-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын ыйгарым укуктарын, бул тууралуу аларга билдирүү, ошондой эле башка катышуучуларга же аткаруучу органга билдирүү менен каалаган мезгилде токтото алат.
(КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 180, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июля 2015 года № 180 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…органынын (коллегиалдуу же жеке) мүчөсү, ошондой эле коомдун алынып салынды: текшерүү комиссиясынын (текшерүүчү) кошулду: ички аудит кызматынын мүчөсү кошулду: (ички аудитор) боло албайт.
4. Катышуучулардын жалпы чогулушунун чечими боюнча … өзгөртүп уюштуруу же жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
5) коомдун алынып салынды: текшерүү комиссиясын (текшерүүчүнү) кошулду: ички аудит кызматын (ички аудиторду) шайлоо;
6) коомдун Директорлор кеңешин түзүү жана кайра чакырып … менен каалаган мезгилде токтото алат.
(КР 2015-жылдын 20-июлундагы № алынып салынды: 180 Мыйзамынын кошулду: 180, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/667/st-40" title="40-статья - Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>