# 38-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталы. Катышуучулардын жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү үлүштөрү

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об акционерных обществах", "О хозяйственных товариществах и обществах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112518)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об акционерных обществах", "О хозяйственных товариществах и обществах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112518); 30.03.2009 [Закон КР от 30 марта 2009 года № 105 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202506); 27.01.2006 [Закон КР от 27 января 2006 года № 25 "О внесении изменения в Закон КР "О хозяйственных товариществах и обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1813); 02.12.1998 [Закон КР от 2 декабря 1998 года №148 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/155)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/667#diff=1231405..1231406>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 38-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-38

---

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары уставдык капиталды түзүшөт, анын өлчөмү катышуучулар тарабынан уюштуруу документтеринде аныкталат.

2. Катышуучулар тарабынан уюштуруу документтеринде аныкталган уставдык капиталдын өлчөмү мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып коомдун ишмердүүлүгүнүн биринчи жылы ичинде анын катышуучулары тарабынан толук көлөмүндө төлөнүп берилет.

Бул милдеттер бузулган учурда коом же өзүнүн уставдык капиталынын азайгандыгы жөнүндө кулактандырууга жана анын азайышын белгиленген тартипте каттоодон өткөрүүгө, же өз ишмердүүлүгүн жоюу жолу менен токтотууга тийиш.

3. Катышуучулардын жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү үлүштөрү ушул Мыйзамдын 7-статьясынын эрежелери боюнча аныкталат.

4. Эгерде экинчи жана андан кийинки ар-бир финансы жылы аяктаганда жоопкерчилиги чектелген коомдун накта активдерин наркы уставдык капиталдан аз болуп калса, коом ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 4-пунктунун талаптарын сактоо менен өзүнүн уставдык капиталынын азайгандыгын жарыялоого жана белгиленген тартипте каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.

5. Жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталын жогорулатуу бардык катышуучулар тарабынан уюштуруу документтеринде билдирилген коомдун уставдык капиталына өз салымдарын кошкондон кийин гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

6. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары уставдык капиталдын өлчөмүн көбөйтүшү же азайтышы мүмкүн.

Катышуучулардын уставдык капиталды өзгөртүү жөнүндө чечими жоопкерчилиги чектелген коом кайра каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет. (КР 1998-жылдын 2-декабрындагы № 148, 2006-жылдын 27-январындагы № 25, 2009-жылдын 30-мартындагы № 105, 2023-жылдын 16-февралындагы № 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-39)
