# 32-статья. Коммандиттик шериктикке жаңы катышуучуларды кабыл алуу

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 32-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-32

---

1. Коммандиттик шериктикке жаңы толук шериктерди жана салым салуучуларды кабыл алуу бардык толук шериктердин макулдугу менен гана мүмкүн болот.

2. Жаңы толук шериктерди же салым салуучуларды кабыл алуу учурунда коммандиттик шериктиктин уюштуруу документтеринде төмөндөгүлөргө тиешелүү болгон:

1) катышуучулардын шериктиктин мүлкүндөгү үлүштөрүнүн жаңы өлчөмүнө;

2) шериктиктин башкаруу тартибинин өзгөрүшүнө;

3) жаңы толук шериктиктер жана салым салуучулар тарабынан шериктиктин уставдык капиталына өз салымдарын кошуунун өлчөмүнө, тартибине, мөөнөттөрүнө жана ыкмаларына тиешелүү болгон;

4) жаңы уюштуруучуну кабыл алууга байланыштуу башка шарттарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-33)
