# 30-статья. Коммандиттик шериктиктин салым салуучуларынын курамын өзгөртүү

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 30-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-30

---

1. Эгерде шериктиктин уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, салым салуучу тарабынан коммандиттик шериктиктин мүлкүндөгү өзүнүн үлүшүн (үлүшүнүн бир бөлүгүн) башка салымчыларга, толук шериктерге же үчүнчү жактарга бериши бардык толук шериктердин макулдугу менен гана мүмкүн болот.

Үлүштү башка салым салуучуларга, толук шериктерге же болбосо үчүнчү жактарга берүү учурунда коммандиттик шериктиктен чыгып жаткан салымчыга таандык болгон укуктардын жана милдеттердин бүткүл жыйындысы бир эле мезгилде өтөт.

2. Коммандиттик шериктиктин салым салуучусу финансылык жыл аяктагандан кийин шериктикке катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирип, андан чыгып кетүүгө укуктуу.

Эгерде шериктиктин уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, коммандиттик шериктикке катышуудан баш тартуу салым салуучу тарабынан финансылык жыл аяктаганга чейин кеминде 6 ай калгандан кечиктирилбестен билдирилүүгө тийиш. Салым салуучу коммандиттик шериктиктен чыккан учурда ушул Мыйзамдын 16-статьясында каралган натыйжалар келип чыгат.

3. Кредит берүүчү (кредит берүүчүлөр) тарабынан коммандиттик шериктиктин мүлкүндөгү салым салуучунун үлүшүнөн өндүрүп алуунун тартиби ушул Мыйзамдын 19-статьясында аныкталат.

4. Толук шериктер бир же бир нече салым салуучу тарабынан шериктиктин уставдык капиталына мүлктүк төлөмдөр өз убагында кошулбаган учурда бардык толук шериктердин бир добуштан чыгарылган чечими боюнча аларды сот тартибинде бошотууну талап кылууга укуктуу.

Эгерде шериктиктин уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, коммандиттик шериктиктен чыгарылган салым салуучуга шериктиктин уставдык капиталына кошулган салымдардын суммасы төлөнүп берилет. Эгерде шериктиктин уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, эгерде салым салуучу коммандиттик шериктиктин уставдык капиталына салымын такыр кошпосо, анда салымдарды кошуу үчүн шериктиктин уюштуруу документтеринде белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып 30 күндөн кийин шериктикке мүчө болуу токтотулат.

5. Коммандиттик шериктиктин салым салуучусу - юридикалык жактын иши токтотулган (жоюлган же кайра уюштурулган) же шериктиктин салым салуучусу болгон граждан өлгөн же өлдү деп жарыяланган учурда - укуктук жолун жолдоочулук Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-31)
