# 27-статья. Коммандиттик шериктиктин уставдык капиталы. катышуучу лардын коммандиттик шериктиктин мүлкүндөгү үлүштөрү

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 27-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-27

---

1. Коммандиттик шериктиктин уставдык капиталы толук шериктердин жана салым салуучулардын кошкон салымдарынан түзүлөт.

2. Салым салуучулардын уставдык капиталдагы үлүштөрүнүн дүң өлчөмү 50 проценттен ашпоого тийиш. Мында коммандиттик шериктиктин уюштуруу документтеринде толук шериктердин салымдарын (салымдарынын бир бөлүгүн) төлөө боюнча салым салуучунун милдети каралышы мүмкүн.

3. Коммандиттик шериктиктин уставдык капиталынын өлчөмү, аны түзүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү шериктиктин уюштуруу документтери тарабынан аныкталат.

4. Катышуучулардын коммандиттик шериктиктин мүлкүндөгү үлүштөрү ушул Мыйзамдын 7-статьясынын эрежелери боюнча аныкталат.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-28)
