# 25-статья. Коммандиттик шериктиктин түшүнүгү

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 127 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам венчурного финансирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2026 [Закон КР от 28 июля 2026 года № 127 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам венчурного финансирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033); 07.07.2014 [Закон КР от 7 июля 2014 года № 113 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/205334)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/667#diff=34512..57508>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 25-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-25

---

1. Өзүнүн бүткүл мүлкү менен шериктиктин милдеттенмелери боюнча кошумча жоопкерчиликти чогуу тарткан бир же бир нече уюштуруучу (толук шериктер) менен катар жоопкерчилиги шериктиктин уставдык капиталына кошкон салымынын суммасы менен чектелген жана шериктиктин ээлик кылуу ишин жүзөгө ашырышына катышпаган бир же бир нече катышуучуну (салым салуучуларды) камтыган чарбалык шериктик коммандиттик шериктик деп таанылат.

2. Коммандиттик шериктикке катышкан толук шериктердин укуктук абалы жана алардын шериктиктин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген толук шериктиктин катышуучулары жөнүндө эрежелер тарабынан аныкталат.

3. Коммандиттик шериктиктерге карата ушул Мыйзамдын толук шериктиктер жөнүндө нормалары (10-24-статьялар) колдонулат, анткени бул ушул главанын жоболоруна карама-каршы келбейт.

4. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктиктерине карата ушул Мыйзамдын толук шериктик жөнүндө ченемдери колдонулбайт. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктиктерине карата ушул Мыйзамдын II-1 главасына каршы келбеген бөлүгүндөгү коммандиттик шериктик жөнүндө ченемдери колдонулат.

(КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 113, 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-26)
