# 24-статья. Толук шериктиктердин ишин токтотуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об акционерных обществах", "О хозяйственных товариществах и обществах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112518)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об акционерных обществах", "О хозяйственных товариществах и обществах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112518); 07.07.2014 [Закон КР от 7 июля 2014 года № 113 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/205334); 24.12.2003 [Закон КР от 24 декабря 2003 года №238 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах "](https://aqlex.ai/kg/doc/1369)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/667#diff=1231405..1231406>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 24-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-24

---

1. Толук шериктиктин иши ушул Мыйзамдын 9-статьясында көрсөтүлгөн негиздерден башка учурларда, шериктикте жалгыз катышуучу калган учурда да токтотулат.

2. Толук шериктиктин катышуучусу өзү шериктиктин жалгыз уюштуруучусу болуп калган учурдан тартып алты айдын ичинде жаңы катышуучуларды кабыл алууга жана толук шериктикти сактап калууга укуктуу.

3. Уюштуруучу шериктиктин бирден-бир катышуучусу болуп калган учурдан тартып алты айдын ичинде:

1) шериктик жүзөгө ашырган ишти финансылоо жөнүндө салым салуучулар менен келишим түзүүгө жана коммандиттик шериктик уюштурууга;

2) юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоо менен кошумча жоопкерчилиги бар коом, жоопкерчилиги чектелген коом уюштурууга укуктуу.

(КР 2003-жылдын 24-декабрындагы № 238, 2014-жылдын 7-июлундагы № 113, 2023-жылдын 16-февралындагы N 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-25)
