# 21-статья. Толук шериктикке жаңы катышуучуларды кабыл алуу

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 21-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-21

---

1. Жаңы катышуучуларды кабыл алуу толук шериктиктин бардык катышуучуларынын макулдугу менен гана мүмкүн болот.

2. Жаңы катышуучуларды кабыл алууда толук шериктиктин уюштуруу документтерине:

1) шериктиктин катышуучуларынын үлүштөрүнүн жаңы өлчөмү;

2) шериктикти башкаруунун тартиби;

3) шериктиктин жаңы катышуучусу тарабынан өз салымын кошуунун өлчөмү, тартиби, мөөнөтү жана ыкмасы;

4) жаңы катышуучуну кабыл алууга байланыштуу башка шарттар жагындагы өзгөртүүлөр киргизилет.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-22)
