# 20-статья. Толук шериктиктин катышуучусун дайынсыз жоголгон, ара кетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуунун натыйжалары

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 20-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-20

---

1. Эгерде толук шериктиктин катышуучусун аракетке жөндөмсүз же дайынсыз жоголгон деп табуу учурунда шериктик сакталып калса, анда бул уюштуруучунун же анын мүлкүнүн көзөмөлчүсү шериктиктин ишине шериктиктин калган бардык мүчөлөрүнүн макулдугу менен гана катыша алат.

Аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган катышуучунун шериктиктин ишине катышуусуна шериктиктин бардык катышуучуларынын ушундай эле макулдугу талап кылынат.

2. Дайынсыз жоголгон же аракетке жөндөмсүз деп табылган катышуучунун көзөмөлчүсү бул катышуучунун атынан толук шериктиктин ишине катышуудан баш тарткан же шериктиктин өзү өзүнүн ишине мындай катышуудан баш тарткан учурда, бул катышуучунун мыйзамдуу өкүлү катары көзөмөлчүсүнө шериктиктин мүлкүнүн бир бөлүгүнүн ушул Мыйзамдын 16-статьясында аныкталган тартипте таандык болгон наркы төлөнүп берилет.

Шериктик аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган катышуучудан баш тарткан же бул катышуучунун мыйзамдуу өкүлү шериктиктин ишине катышуудан баш тарткан учурда бул катышуучуга ушундай эле тартипте шериктиктин мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркы төлөнүп берилет.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-21)
