# 19-статья. Толук шериктиктин катышуучусунун үлүшүнөн өндүрүп алуу

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 19-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-19

---

1. Катышуунун жеке карыздары боюнча толук шериктиктин мүлкүндөгү анын үлүшүнөн өндүрүп алууга анын карыздарын жабуу үчүн башка мүлк жетишсиз болгон учурда гана жол берилет. Мындай катышуучунун кредит берүүчүлөрү бул мүлктөн өндүрүп алуу максатында шериктиктин мүлкүнүн карызкордун шериктиктин уставдык капиталына кошкон салымына жараша бөлүгүн ушул Мыйзамдын 16-статьясында белгиленген тартипте бөлүп берүүнү толук шериктиктен талап кылууга укуктуу. Шериктиктин мүлкүнүн бөлүнүүгө тийиш болгон бөлүгү же анын наркы кредит берүүчүлөр тарабынан бөлүштүрүү жөнүндө талап коюлган учурга карата түзүлгөн баланс боюнча аныкталат.

2. Толук шериктиктин мүлкүндөгү катышуучунун үлүшүнөн өндүрүлүп алынганда ал шериктикке катышуусун токтотот жана ушул Мыйзамдын 14, 18 жана 23-статьяларында каралган натыйжаларга алып келет.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-20)
