# 18-статья. Катышуучу толук шериктиктен чыгаруу

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2014 года № 113 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/205334)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/667#diff=1231400..1231401>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 18-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-18

---

1. Толук шериктиктин катышуучуларынын бири дайынсыз жоголгон, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган учурда, ал шериктиктин калган катышуучуларынын бир добуштан кабыл алынган чечими боюнча шериктиктен чыгарылышы мүмкүн. Соттун чечими боюнча кайра уюштуруу жол-жоболору ачылган анын катышуучусу болгон юридикалык жак шериктиктен ушундай эле тартипте чыгарылышы мүмкүн.

2. Жүйөлүү себептер болгондо, атап айтканда алар өздөрүнүн милдеттерин одоно бузганда же ишти туура жүргүзүүгө жөндөмсүз экендиги билингенде, толук шериктиктин катышуучулары калган катышуучулардын бир добуштан кабыл алынган чечими боюнча бир же бир нече катышуучуну шериктиктен сот тартибинде чыгарууну талап кылууга укуктуу.

3. Толук шериктиктен чыгарылган катышуучуга ушул Мыйзамдын 16-статьясында аныкталган тартипте шериктиктин мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркы төлөнүп берилет.

4. Шериктиктен чыгуу учурунда толук шериктиктин мүлкүнүн бөлүгүнүн катышуучуга төлөнө турган наркынан чыгарылган катышуучу тарабынан шериктикке келтирилген бардык зыяндар соттун чечими боюнча өндүрүлүп алынышы мүмкүн. Зыяндардын наркынын жетпей калган бөлүгү шериктиктен чыгарылган катышуучунун башка мүлкүнөн өндүрүлөт.

(КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-19)
