# 17-статья. Толук шериктиктин катышуучусунун үлүшүнүн (үлүшүнүн бир бөлүгүнүн) башкага өтүшү

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 17-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-17

---

1. Катышуучу тарабынан өзүнүн үлүшүн (үлүшүнүн бир бөлүгүн) шериктиктин башка катышуучуларына же үчүнчү жактарга бериши калган бардык катышуучулардын макулдугу менен гана мүмкүн болот.

2. Үлүштү шериктиктин башка катышуучусуна же үчүнчү жакка берүү менен бир эле мезгилде толук шериктиктен чыгып жаткан катышуучуга таандык болгон укуктардын жана милдеттердин бүткүл жыйындысы да өтөт.

3. Шериктиктин катышуучусу өлгөн же ал өлдү деп жарыяланган учурда укуктук жолун жолдоочу (мурасчы) калган бардык катышуучулардын макулдугу менен шериктикке өтө алат.

4. Укуктук жолун жолдоочу (мурасчы) толук шериктикке кирүүдөн баш тарткан же шериктик укуктук жолун жолдоочуну (мурасчыны) кабыл алуудан баш тарткан учурда, укуктук жолун жолдоочулуктун негизинде ага таандык болгон ушул Мыйзамдын 16-статьясында белгиленген тартипте катышуучу өлгөн же өлдү деп жарыяланган күнгө карата аныкталган шериктиктин мүлкүндөгү үлүштүн наркы төлөнүп берилет.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-18)
