# 16-статья. Катышуучунун толук шериктиктен чыгышынын натыйжалары

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 декабря 2003 года №238 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах "](https://aqlex.ai/kg/doc/1369)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/667#diff=1231394..1231395>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 16-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-16

---

1. Толук шериктиктен чыккан уюштуруучуга бул катышуучунун шериктиктин уставдык капиталына кошкон салымынын өлчөмүнө жараша келген шериктиктин мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркы төлөнүп берилет.

2. Шериктиктен чыккан катышуучуга бериле турган толук шериктиктин мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркы уюштуруучу шериктен чыккан учурга карата түзүлгөн шериктиктин балансына ылайык аныкталат жана катышуучу шериктиктен иш жүзүндө чыккан күндөн тартып 30 күндүн ичинде төлөнүп берилет.

3. Шериктиктен чыгып жаткан катышуучунун калган катышуучулар менен макулдашуусу боюнча толук шериктиктин мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркын төлөп берүү мүлктү накталай берүү менен алмаштырылышы мүмкүн.

4. Шериктиктен чыккан катышуучуга ошондой эле толук шериктик ошол жылы алган пайданын ага тиешелүү бөлүгү, анын шериктиктеги акыркы жылы үчүн төлөнүп берилет.

5. Эгерде уюштуруу документтеринде же катышуучулардын макулдашуусунда башкача каралбаса, толук шериктиктин уставдык капиталына өз салымын жарым-жартылай кошкон катышуучуга ал шериктиктен чыгып жаткан учурда салымдын ушул бөлүгүнүн наркы гана төлөнөт.

6. Эгерде шериктиктин уюштуруу документтеринде башкача белгиленбесе, шериктиктен чыгып жаткан катышуучу тарабынан толук шериктикке пайдаланууга берилген мүлк кайтарылат.

7. Эгерде уюштуруу документтеринде же катышуучулардын макулдашуусунда башкача каралбаса, катышуучу шериктиктен чыгып жаткан учурда калган катышуучулардын толук шериктиктин мүлкүндөгү үлүштөрү катышуучу шериктиктен чыгып жаткан күнгө карата белгиленген алардын алгачкы өлчөмүнө жараша жогорулайт.

(КР 2003-жылдын 24-декабрындагы № 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-17)
