# 14-статья. Толук шериктиктин катышуучуларынын курамын өзгөртүү

- Документ: [Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/667)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.11.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/667/edition/1231389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/667/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө, 14-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-14

---

1. Эгерде шериктиктин уюштуруу документинде башкача каралбаса же калган уюштуруучулардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, катышуучу шериктиктен чыккан учурда, ал банкрот деп табылганда же кредит берүүчү (кредит берүүчүлөр) шериктиктин мүлкүндөгү анын үлүшүнөн өндүрүп берүү жөнүндө кайрылган учурда, толук шериктиктин катышуучусу өлгөн, өлдү деп жарыяланган, дайынсыз жоголгон деп табылган, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган учурда толук шериктик ишин токтотууга тийиш.

2. Толук шериктик өзүнүн ишин уланткан учурда, ошондой эле катышуучунун шериктиктин мүлкүндөгү үлүшү башка катышуучуларга же үчүнчү жактарга өткөн учурларда, катышуучу шериктиктен чыгарылганда же шериктикке жаңы катышуучулар кабыл алынганда, уюштуруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү менен толук шериктик кайра каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/667/st-15)
