13-статья. Толук шериктиктин иштерин жүргүзүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · I бөлүм
1. Эгерде уюштуруу келишиминде анын бардык катышуучулары ишти чогуу жүргүзө тургандыгы белгиленбесе, же ишти жүргүзүү айрым катышуучуларга тапшырылса, толук шериктиктин ар бир катышуучусу шериктиктин атынан аракеттенүүгө укуктуу.
Толук шериктиктин ички маселелери боюнча чечимдер бардык катышуучулардын жалпы макулдашуусу боюнча кабыл алынат. Толук шериктиктин уюштуруу документтеринде чечим катышуучулардын көпчүлүк добушу менен кабыл алына турган учурлар каралышы мүмкүн. Эгерде уюштуруу келишиминде анын катышуучуларынын добуштарынын санын эсептөөнүн башкача тартиби каралбаса, толук шериктиктин ар-бир катышуучусу бир добушка ээ болот. Катышуучулар ээ боло турган добуштардын саны алардын шериктиктин уставдык капиталындагы үлүштөрүнө жараша аныктала тургандыгы уюштуруу документинде каралышы мүмкүн.
2. Ушул статьянын 1-пунктунун жоболорун эске алуу менен толук шериктикти башкаруу толук шериктиктин аткаруу органдарына жүктөлүшү мүмкүн.
Башкаруу органдарынын түрлөрү, аларды түзүүнүн тартиби жана алардын компетенциялары уюштуруу документтери тарабынан аныкталат.
3. Толук шериктиктин уюштуруучусу башка катышуучулардын макулдугусуз өзүнүн атынан жана өзүнүн таламдарында же үчүнчү жактардын таламында шериктиктин ишинин предметин түзгөн иштерге окшош иштер боюнча бүтүмдөрдү жасоого укуксуз. Бул эреже бузулган учурда шериктик өзүнүн тандап алуусу боюнча мындай катышуучудан шериктикке келтирилген зыяндардын ордун толтурууну же ушундай бүтүмдөр боюнча алынган бардык кирешелерди шериктикке өткөрүп берүүнү талап кылууга укуктуу.
4. Толук шериктиктин иштерин алып баруу тапшырылган шериктиктин органдары анын бардык катышуучуларына алардын талабы боюнча өзүнүн иши жөнүндө толук маалымат берүүгө милдеттүү.
5. Ыйгарым укуктарга ээ болбой туруп жалпы таламдарда аракеттенген катышуучунун аракеттери калган бардык катышуучулар тарабынан жактырылбаган учурда, өзүнүн аракеттеринин натыйжасында шериктик мүлкүн сактап калгандыгын же шериктик тарткан чыгымдардын наркынан ашкан мүлк алгандыгын далилдеген шартта, шериктиктен өзү тарткан чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/667/st-13" title="13-статья - Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>