# 6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отун-энергетика комплексиндеги ыйгарым укуктары

- Документ: [Энергетика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/663)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы №85 "Энергетика жөнүндө"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 30.10.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.01.2015
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 января 2015 года № 10 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об энергетике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205430)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.01.2015 [Закон КР от 14 января 2015 года № 10 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об энергетике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205430); 24.06.2013 [Закон КР от 24 июня 2013 года № 99 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об энергетике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203907)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/663#diff=1127226..1127227>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/663/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-628/edition/1127219/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/663/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергетика жөнүндө, 6-статья (14.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/663/st-6

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү энергетикалык программаны аныктайт жана ушул Мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык ушул программанын ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашырат, отун-энергетика комплексинин ишканаларынын өндүрүштүк жана чарбалык иштерине түздөн-түз кийлигишпейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отун-энергетика комплекси чөйрөсүндөгү функциялары төмөнкүлөрдү камтыйт: отун-энергетика комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү; отун-энергетика комплексинин продукцияларына жалпы баа саясатын аныктоону; экономика негизделген жана социалдык жактан алгылыктуу баа жана тариф түзүүнүн механизмдерин белгилөөнү; компетенциясынын чектеринде отун-энергетика комплексиндеги мамилелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отун-энергетика комплекси чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларынын талаптагыдай аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууну; суу, минералдык жана башка энергетикалык ресурстарды пайдаланууга укуктарды жана мүлктүк укуктарды берүү жана өткөрүп берүүнү; Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасында белгиленген принциптерге ылайык энергетикалык ресурстардын жалпы рыногун түзүүнү; Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасында каралган учурларда, электр энергиясын мамлекеттер аралык берүүдө көмөк көрсөтүүнү. (КР 2013-жылдын 24-июнундагы № 99, 2015-жылдын 14-январындагы № 10 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/663/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/663/st-7)
