# 3-статья. Терминдердин аныктамалары

- Документ: [Энергетика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/663)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы №85 "Энергетика жөнүндө"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 30.10.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.01.2015
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 июля 2014 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205366)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.07.2014 [Закон КР от 19 июля 2014 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205366); 24.06.2013 [Закон КР от 24 июня 2013 года № 99 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об энергетике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203907); 23.05.2008 [Закон КР от 23 мая 2008 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об энергетике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202304)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/663#diff=1127225..1127226>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/663/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-628/edition/1127219/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/663/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергетика жөнүндө, 3-статья (14.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/663/st-3

---

Ушул Мыйзамда төмөндө саналып өткөн терминдер төмөндөгүдөй мааниге ээ болот: жаңыланып туруучу энергетикалык ресурстар - табигый түрдө пайда болгон, жаратылыш тарабынан такай жаңыланып турган жана геотермалдык, күн, суу энергияларына жана шамалдын энергиясына өтүшү мүмкүн болгон ресурстар; кайталанма энергетикалык ресурстар - баштапкы энергетикалык ресурстарды кайра иштетүү учурунда алынган ресурстар, мында кайра иштетүүнүн процессинде баштапкы энергиянын бир бөлүгү жоголот; отун-энергетикалык комплексиндеги иш - энергияны өндүрүү, ташуу, берүү, бөлүштүрүү, сактоо, кайра иштетүү, бир түрдөн экинчи түргө өткөрүү, трансформациялоо, энергетикалык ресурстар жана продуктылар менен соода кылуу же сатуу; отун-энергетикалык комплексинин тармагы - отун-энергетикалык комплексинин курамдык бөлүгү (көмүр, мунайзат, газ, электр энергетикасы жана башкалар); баштапкы энергетикалык ресурстар - отун катарында жана энергиянын башка түрлөрүн (ядролук отун, суу, күн энергиясы, шамалдын жана геотермалдык булактардын энергиясы) алуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон табигый абалдагы ресурстар (мунайзат, табигый газ, күйүүчү сланец, көмүр, чым көң); отун-энергетикалык комплексинин ишканалары - отун-энергетикалык комплексинде бир же бир нече иш жүргүзгөн ишканалар, буга менчигинин түрүнө карабастан, табигый монополисттер кирет; иш жөнүндө макулдашуу - лицензиар менен лицензиянын ээсинин ортосундагы лицензиянын ээсинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча күч аракеттердин боло турган натыйжаларын аныктаган макулдашуу; отун-энергетикалык комплекси - көмүр, мунайзат, газ, отун жана энергия менен камсыз кылууда иштеген жана керектөө системаларындагы жана аймактык кичи системалардагы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес структураларды камтыган экономиканын өз ара байланышта болгон тармактарынын жыйындысы; энергетикалык продуктылар - отундун ар кандай түрлөрү, мунайзат продуктылары энергетикалык ресурстардын кандай гана болбосун түрлөрүнөн иштелип чыгуучу, электр жана жылуулук энергиясы; энергияны сактоо - энергияны өндүрүүдө бир түрдөн экинчи түргө өткөрүүдө, ташууда жана керектөөдө сарамжал пайдалануу жана коромжулуктарды кыскартуу; энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр - энергия ресурстарын берүү, бөлүштүрүү, сатуу, сактоо (электр жана жылуулук энергияларын сактоодон башка) жана энергия ресурстарын ташуу; электр энергиясы - параметрлерин белгиленген чектерде туруктуу, үзгүлтүксүз жана сапаттуу кармап турууну талап кылган, бир учурда чыгарылуучу жана керектелүүчү товардын өзгөчө түрү; энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан энергетика жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы; энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын иштеп чыгуу, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөнүн техникалык коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжалуулугу чөйрөсүндө жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы; отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан лицензиялоо жана электр, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө аркылуу отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 93 , 2013-жылдын 24-июнундагы № 99 , 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/663/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/663/st-4)
