# КР Президентинин 2002-жылдын 16-февралындагы ПУ № 43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 2-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндөгү" Указына толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2002-жылдын 16-февралындагы ПУ № 43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 2-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндөгү" Указына толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2002
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/64970>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8149/edition/589098/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/64970.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2002-жылдын 16-февралындагы ПУ № 43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 2-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндөгү" Указына толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (19.11.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/64970

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2002-жылдын 16-февралы ПУ № 43 Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 2-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндөгү" Указына толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коллегиясынын ишин андан ары өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 2-мартындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндөгү" Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндөгү Жобонун 22-пункту төмөнкү мазмундагы жаңы абзац менен толукталсын:

"аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарына карата тартип жазасын колдонуу.".

2. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
