# КР Президентинин 2014-жылдын 21-октябрындагы ПЖ № 182 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2014-жылдын 21-октябрындагы ПЖ № 182 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 182
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/64920>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8148/edition/718234/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/64920.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2014-жылдын 21-октябрындагы ПЖ № 182 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (10.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/64920

---

КР Президентинин 2016-жылдын 10-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2014-жылдын 21-октябры ПЖ № 182 Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 95 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамынан Н.Т.Арипов, З.М.Асанкожоева чыгарылсын;

- Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика" фракциясынын лидери Сабиров Максат Эсенович (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович (макулдашуу боюнча) киргизилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
