# КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/64294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8139/edition/769403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/64294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" Жарлыгы (31.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/64294

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 5-ноябры ПЖ № 201 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө (КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгынын редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин тактоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору жөнүндө" Жарлыгынын 4 жана 5-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 467 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине озгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү женүндө" Жарлыгынын 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 20-июлундагы № 313 "Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүүнүн кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын жардамчылары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишинин башка маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 4 жана 5-пункттары;

"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьялардын окуу борбору жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 217 Жарлыгы.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-октябрындагы № 206 "З.М. Апышев жөнүндө" жана 2013-жылдын 12-октябрындагы № 207 "К.Т. Зулушев жана М.А. Сатыев жөнүндө" жарлыктарынын преамбуласындагы "17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1 -пунктуна," деген сездөр алып салынсын.

3. (КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган кундөн баштап күчүне кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
