# КР Президентинин 2014-жылдын 29-октябрындагы ПЖ № 196 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2014-жылдын 29-октябрындагы ПЖ № 196 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 196
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/64291>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8136/edition/769399/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/64291.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2014-жылдын 29-октябрындагы ПЖ № 196 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы (31.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/64291

---

КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 29-октябры ПЖ № 196 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93 жана 102-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" жана "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:

- "Атайын мамлекеттик кызмат орундары" деген 2-главанын "Кыргыз Республикасынын сот бийлиги" деген бөлүмүнүн IV тобу төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору(\*)";

- "Администрациялык мамлекеттик кызмат орундары" деген 3-главанын 3.4-пунктунун "Сот департаменти" деген графасында:

"Жогорку кызмат орду" деген тобунун "В-A" категориясынын биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын; "Улук кызмат орду" деген топто: "С-A" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Улук сот аткаруучу"; "С-Б" категориясынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
