Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 196 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 января 2017 года УП № 17 "Об утверждении Реестра государственных и муниципальных должностей Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-31.
КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 29-октябры ПЖ № 196 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93 жана 102-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" жана "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:
- "Атайын мамлекеттик кызмат орундары" деген 2-главанын "Кыргыз Республикасынын сот бийлиги" деген бөлүмүнүн IV тобу төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору(*)";
- "Администрациялык мамлекеттик кызмат орундары" деген 3-главанын 3.4-пунктунун "Сот департаменти" деген графасында:
"Жогорку кызмат орду" деген тобунун "В-A" категориясынын биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын; "Улук кызмат орду" деген топто: "С-A" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Улук сот аткаруучу"; "С-Б" категориясынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.01.2017 · № 17
- КР Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын…Указ · 26.06.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.01.2017 · № 17
- КР Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын…Указ · 26.06.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөЗакон · 18.07.2003 · № 153 · Күчүн жоготкон
- Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.03.2008 · № 35 · Күчүн жоготкон