# КР Президентинин 2004-жылдын 1-апрелиндеги ПЖ № 117 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндөгү" Указына толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2004-жылдын 1-апрелиндеги ПЖ № 117 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндөгү" Указына толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.10.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/64280>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8125/edition/589875/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/64280.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2004-жылдын 1-апрелиндеги ПЖ № 117 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндөгү" Указына толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы (15.10.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/64280

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 462 Жарлыгына ылайык күчүн жоготкон

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2004-жылдын 1-апрели ПЖ № 117 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндөгү" Указына толуктоо киргизүү тууралуу

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндөгү" Указына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 2-пунктта "... башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министри" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын эларалык интеграция жана кызматташтык иштери боюнча министри," деген сөздөр кошулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө:

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, материалдык-техникалык жана башка маселелерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

- мурда кабыл алынган ченемдик актыларды ушул Жарлыкка ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдет Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
