Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПУ № 134а «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы „Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө“ Указына өзгөртүү киргизүү тууралу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2002-жылдын 30-майы ПУ № 134а Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө" Указына өзгөртүү киргизүү тууралу
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө" Указынын 2-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, экономикалык өнүктүрүү, соода жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр, вице-премьер-министр - транспорт жана коммуникациялар министри, Кыргыз Республикасынын министрлери, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министри, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагалары кирет. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри вице-премьер-министрдин милдеттерин эки ишти айкалыштыруу менен аткара тургандыгы белгиленсин. Премьер-министрдин аппаратынын жетекчиси кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын министри болуп саналат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Указдан келип чыккан уюштуруу, финансы жана башка маселелерди чечсин.
3. Бул Указ 2002-жылдын 30-майынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Указ Президента КР от 28 декабря 2000 года УП №363 "О реорганизации центральных органов государственного управления"Указ · 28.12.2000 · № 363 · Күчүн жоготкон