Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 179 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 5-декабрындагы „Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-24.
УР Президентинин 2022-жылдын 24-мартындагы ПЖ №88 жарлыгынын негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 20-октябры ПЖ № 179 Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 5-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартибин өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 5-декабрындагы № 393 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жапа толуктоо киргизилсин:
1) 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн кыйла тездетүүгө алын келүүчү илим жана техника жагындагы эң көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн ар бири 250000 (эки жүз элүү миң) сом өлчөмүндөгү Кыргыз Республикасынын беш мамлекеттик сыйлыгы уюштурулсун. Аталган мамлекеттик сыйлыктардын бирине Касым Тыныстановдун ысмы берилсин жана аны менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өбөлгө болгон эң көрүнүктүү илимий эмгектер үчүн сыйлансын. Аталган мамлекеттик сыйлыктардын бири менен гуманитардык илимдер жаатындагы эң көрүнүктүү эмгектер сыйлансын.
2. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктары Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитетинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктары эки жылда бир жолу (жуп жылдар боюнча) Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө карата ыйгарылат.";
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө жободо:
- 1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлык Кыргыз Республикасынын жарандарына гуманитардык, табигый жана техникалык илимдерди өнүктүрүүгө зор салым кошкон илимий изилдөөлөр үчүн; Кыргыз Республикасын экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнү кыйла тездетүүгө алып келүүчү илимий жана техникалык иштер үчүн, тактап айтканда экономиканы өнүктүрүүнүн темптерин жана натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылган дүйнөлүк аналогдордун деңгээлинде же андан жогору болгон техниканын, материалдардын жана технологиялардын жаңы түрлөрүн иштеп чыккандыгы жана киргизгендиги үчүн ыйгарылат.";
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгы эки жылда бир жолу Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө - 10-ноябрга карата ыйгарылат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өбөлгө болгон эң көрүнүктүү илимий эмгектер үчүн беш мамлекеттик сыйлыктын бири - Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылат. Гуманитардык илим жагындагы эң көрүнүктүү эмгектер үчүн беш мамлекеттик сыйлыктын бири ыйгарылат. Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын алуу үчүн сунушталган иштердин арасынан татыктуулары табылбаса же алуучулардын саны мамлекеттик сыйлыктардын санынан аз болсо, анда мамлекеттик сыйлыктар тиешелүү түрдө ыйгарылбайт же аз санда ыйгарылат. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктары автордук жамааттардын мүчөлөрүнө алардын жашаган жерине карабастан ыйгарылат.";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктарын алуу үчүн сунушталган илимий эмгектер басылып чыгууга, анын ичинде чет элдик басылмаларда басылууга, ал эми техниканын, материалдын жана технологиянын жаңы түрлөрү мамлекеттик сыйлык алуу үчүн сунушталган учурга карата кеминде эки жылдын ичинде өндүрүштө өздөштүрүлүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын алуу үчүн сунушталуучу илим жана техника жагындагы илимий эмгектер жана иштеп чыгуулар Кыргыз Республикасы үчүн актуалдуу болгон проблемаларды чечүү боюнча илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын камтууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасынын натыйжалуулугун жана жарандарынын байгерчилигин көтөрүүгө чоң таасир тийгизип, ата мекендик жана дүйнөлүк илимди жана техниканы кыйла байытууга тийиш. Табигый жана техникалык илимдер жагындагы илимий эмгектер акыркы 20 жылда гана алынган, ал эми гуманитардык илим жагында - акыркы 10 жылда гана алынган илимий натыйжаларды камтууга тийиш (гуманитардык илим жагындагы илимий эмгектер кайра басылып чыгууга тийиш). Билүүгө чектөө коюлган маалыматтарды камтыган иштерди тариздөөгө талаптар аталган маалыматты жайылтуунун жана билүүнүн тартибин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Иштерди сунуштоо жана документтерди тариздөө тартиби Комитеттин пленуму бекиткен нускама менен аныкталат.";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Иштер Комитетке мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылуучу жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан баштап аягына чейин сунушталат. Комитеттин чечими токтом менен таризделет жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылуучу жылдын 1-июлуна чейин берилет. Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алат.";
- 7-пунктта:
биринчи абзацтагы "10" деген цифралар "8" деген цифра менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Бир эле алуучу талапкер эки же андан көп иштери боюнча мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлө албайт.";
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10. Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдери белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө карата жарыяланат.";
3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитети жөнүндө жобонун 2-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"б) конкурска киргизилген иштерди ар тараптан изилдөө, аларга берилген сунуштарды жана сын-пикирлерди талдоо, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу боюнча сунуштамаларды кабыл алуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизүү;".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Положение о государственных премиях Республики Кыргызстан в области науки и техники (Утверждено Указом Президента Республики Кыргызстан от 5 декабря 1991 года N УП-393)Положение · 05.12.1991 · № 393
- Положение о Комитете по государственным премиям Республики Кыргызстан в области науки и техники (Утверждено Указом Президента Республики Кыргызстан от 5 декабря 1991 года N УП-393)Положение · 05.12.1991 · № 393
- Указ Президента КР от 5 декабря 1991 года N УП-393 " Об учреждении государственных премий Кыргызской Республики в области науки и техники"Указ · 05.12.1991 · № 393 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2022-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 88 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Указ · 24.03.2022 · № 88 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Указ Президента КР от 5 декабря 1991 года N УП-393 " Об учреждении государственных премий Кыргызской Республики в области науки и техники"Указ · 05.12.1991 · № 393 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2022-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 88 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Указ · 24.03.2022 · № 88 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Указ Президента КР от 31 декабря 1991 года №403 " О государственной пошлине по хозяйственным спорам, рассматриваемым арбитражными судами Республики Кыргызстан"Указ · 31.12.1991 · № 403 · Күчүн жоготкон