Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 166 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы „Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 декабря 2021 года УП № 587 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-31.
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 2-октябры ПЖ № 166 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Бюджеттик каражаттарды эсепке алуунун аныктыгын жана ачыктыгын камсыз кылуу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу майнаптуулугун жогорулатуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жободо:
- 11-пункттун 10-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10) аларга бекитилип берилген мүлктү ижарага берүүгө, мамлекеттик мүлктү ведомстволук уюмдардын оперативдүү башкаруусуна жана чарбалык карамагына берүүгө, ведомстволук уюмдарга бекитилип берилген мүлктү пайдалануу тартибин жана шарттарын аныктоого;";
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"15. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен бекитилген Иш башкармасынын атайын эсеби жөнүндө Жобого ылайык Иш башкармасы атайын эсепти өзүнүн чарбалык ишинин каражаттарынан, ведомстволук уюмдардын чегерүүлөрүнөн жана башка келип түшүүлөрдөн толтурат, ал каражаттарды ишин камсыз кылуу Иш башкармасына, ведомстволук уюмдарга жүктөлгөн кызмат адамдарынын жана мамлекеттик органдардын тийиштүү материалдык-техникалык базасын жана алардын иши үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, алардын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону жана кепилдик берүүнү камсыз кылуу, ошондой эле башка максаттар үчүн пайдаланат.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.05.2011 · № 111
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587