# 7-статья. Эл аралык уюмдар жана мамлекеттик укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/642)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 1-июлундагы № 35 "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 01.07.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-607/edition/1220528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/642/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө, 7-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-7

---

Укук коргоо органдары жекече детективдерге жана жекече детективдик ишканаларга ушул Мыйзамга ылайык алардын маселелерин чечүү ишинде көмөк көрсөтүшөт, атап айтканда:

- аткарып жаткан жекече детективдик кызматына байланыштуу түзүлгөн келишимге ылайык мамлекеттик купуя сырларды камтыбаган ИИБнын тийиштүү картотекаларынан пайдалануу укугу берилиши мүмкүн;

- укукту бузган адам кармалганда жана жеткирилген учурларда Кыргыз Республикасынын Уголовный жана Уголовно-процессуалдык кодекстерине ылайык чара көрүүгө.

Калган учурларда алардын өз ара аракеттенүүсү түзүлгөн келишимдердин негизинде жүргүзүлөт. Эл аралык укук коргоо уюмдары менен болгон иш мамилелери өзүнчө макулдашуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо аркылуу жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-8)
